Судьялар үчүн "Судьянын кол китеби" жарыкка чыкты

2012-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда «Судьянын кол китеби» жана «Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы» китептеринин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Бет ачарга КРнын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун жетекчилери менен судьялары, КРнын Президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппаратынын, Адилет министрлигинин, ЖОЖдордун, БӨУ жана ЖМКнын өкүлдөрү да катышты. «Судьянын кол китеби» укуктун процессуалдык да, материалдык да ченемдерин бирдей түшүнүүгө, сот практикасынын туруктуулугун бекемдөөгө, сотторго жана судьяларга болгон сый-урматты жакшыртууга өбөлгө түзүү үчүн иштелип чыккан. «Судьянын кол китебин» Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан жана кызматтан кеткен судьяларынан, окутуучулардан, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүнөн турган авторлор жамааты практикалык колдонмо катары иштеп чыккан. «Судьянын кол китеби» эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү жарандык, административдик жана экономикалык иштерди, ал эми экинчи бөлүгү жазык иштерин кароо эрежелерине, тартибине жана өзгөчөлүктөрүнө арналган. «Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы» ушундай түрдө жарык көргөн алгачкы практикалык колдонмо болуп саналат. Ал судьялардын сот актыларын даярдап, түзүү ишин жеңилдетет. «Судьянын кол китебин» жана «Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагын» төмөнкү сайттан электрондук форматта да окууга болот: www.sot.kg/info.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан