Токмок шаарында 14-июлда саат 17:40 чамасында №2-дачалык участогунун аймагынан агып өткөн Быстроток суусуна 1972-жылы туулган
А.Ю.Опанасенко чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Издөө иштерине министрликтин №21-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Кишемиш жайлоосунда дарыяга агып кеткен 64 жаштагы Гулматов Курманбекти издөө иштери улантылып, натыйжа болгон жок.