Бүгүн, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кетти. Москвадагы метродо орун алган кырсыктан 3 адам көз жумса, 80ге жакын жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Медициналык борбор эки адамдын каза болгонун ырастап, 22 адамдын ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Ошондой эле оор жаракат алган 3 жүргүнчү тик учак менен бейтапканага жеткирилгени аныкталды. Окуя болгон жерде жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо иштери жүрүүдө.