ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы, полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүн изилдөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча кылмышка шектүү 4 жаран кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ички иштер министринин орун басары Болот Абакиров билдирди. Ал эми Ош облустук прокурорунун айтымында, Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу иликтөөлөр коомчулуктун тынчын албоо үчүн сыр катары сакталат. Учурда аталган окуя боюнча 5 адам кармалып, айыпталууда. Биринчи кармалган Жылдызбек Карамбаевден сырткары 1985-1988-жылдары туулган Ж.Т., М.У., Э.Э., А.С., аттуу жарандар колго түшүрүлдү. Иликтөө иштери уланып, кармалгандарга тергөө жүргүзүлүүдө.