Москва-Бишкек поездинен башка адамдын паспортун колдонуп кармалган кыргызстандык жаран 2 жылга эркинен ажырашы мүмкүн

Москва-Бишкек каттамындагы поездден башка адамдын паспортун колдонуп жүргөн кыргызстандык кармалып, ал 2 жылга эркинен ажырашы мүмкүн экендиги айтылууда. Бул боюнча “Замандаш” ассоциациясынан бүгүн, 15-июлда билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Кара-Кулжа районунун А. уулу Т. Москва шаарынан Бишкекти көздөй келе жаткан. Орусиянын Оренбург шаарынын Ак-Булак районунан аталган жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалган. Себеби ал башка адамдын паспортун колдонуп жүргөндүгү аныкталган.  

Учурда кыргызстандык, 1994-жылы туулган А. уулу Т. камакка алынганы белгилүү болду. Ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе чечилип жатат. Орусиянын мыйзамына ылайык, мындай мыйзам бузуу үчүн жарандар 2 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан