Асылбек Жээнбеков Ирандын элчиси М.Морадини кабыл алды

2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Манучехр Морадини кабыл алганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.  Бул жолугушуу элчи М.Морадинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктап жаткандыгына байланыштуу өттү. Төрага А.Жээнбеков Кыргызстанда эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган дипломатиялык ишин жигердүү жана натыйжалуу жүргүзгөндүгү үчүн М.Морадиге ыраазычылык билдирди. «Сиз өзүңүздүн дипломатиялык миссияңызды аткарып жаткан учурда биздин парламенттердин ортосундагы алакалардын жанданышына жакындан жардам бердиңиз»,- деп баса белгиледи төрага.      
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан