Москва шаарынын мэри Сергей Собянин метро кырсыгына күнөөлүүлөрдү жазага тартууну убада кылды. Бул тууралуу шаар башчысы 15-июлда кырсык болгон жерде эл менен жолугушууда айтканын орус басылмалары жарыялашты. “Бул кырсыкка ким күнөөлүү болсо, жумуштан бошотулуп гана эмес, ага кылмыш иши ачылат”,- деди ал. Собянин кырсык болгон жерде метро кыймылы эки сутка аралыгында калыбына келерин айтты. Орусиянын Изилдөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин кырсыкка шектүү деп эки адамдын кармалганын билдирди. Алар: "Московский метрополитен” кызматынын жол мастери Валерий Башкатов жана жардамчысы Юрий Гордов.
Эскерте кетсек, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жеткени, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экени айтылган.