Москва убактысы боюнча саат 00:35теги маалыматтарга караганда, метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жетти. Орусиялык маалымат каражаттары жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экенин жазып чыгышты.
Орусиянын социалдык саясат боюнча вице-премьер-министри Ольга Голодецтин айтымында, жаракат алгандардын арасында Орусия Федерациясынын 12 аймагынын тургундары жана Украина, Молдова, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын жарандары бар. Ал эми каза болгондордун экөөсү Кытай менен Тажикстандын жарандары.
Москва шаардык саламаттыкты сактоо департаменти 15-июлда саат 20:00гө карата жаракат алгандардын тизмесин жарыялады.