Ысык-Көлдө дайынсыз жоголуп жаткан айымды 22 жаштагы жаран өз шымы менен муунтуп өлтүрүп, тоого алып барып көмүп салганы аныкталды. Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 32 жаштагы Бурма-Суу айылынын тургуну Каракол шаарына жумушуна кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу милиция кызматкерлерине маалымдалган соң, жоголгон адамды издөө иштери жүргүзүлө баштаган.
Иш-аракеттерде жоголгон 32 жаштагы айымды акыркы жолу Адилет аттуу жаранга таандык ак түстөгү унаада баратканын көргөн адамдар табылган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 22 жаштагы Адилет аттуу тургун кармалган. Иликтөөдө Адилет жоголуп жаткан 32 жаштагы айымга барар жерине жеткирип коюуну сунуштап, ал унаага отурганда шаар четине алып чыгып зордуктап, аны шымы менен муунтуп өлтүрүп салганын мойнуна алган. Ал кылмыштын изин жашыруу максатында жансыз денени тоого алып чыгып, бадалдардын түбүнө көмүп салганын да айтып, сөөк көмүлгөн жерди көрсөтүп берген.
Учурда 22 жаштагы Адилет камакка алынып, кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.