Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 295 адам каза тапканы айтылды. Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жаткан учакта 280 жүргүнчү, 15 экипаж мүчөсү болгонун чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Украина бийлиги менен Донбасс элдик кошуундарынын өкүлдөрү бул факты боюнча күнөөнү бири-бирине коюуда.
"Malaysia Airlines" компаниясынын өкүлү учактын ичинде 298 жүргүнчү болгонун маалымдады. Алардын ичинен 154 адам Нидерландынын жарандары. Австралиянын - 27, Малайзиянын - 23, Индонезиянын - 11, Улуу Британиянын - 6, Бельгия менен Германиянын - 4, Филиппиндин - 3 жана 1 Канаданын жараны. Мындан сырткары 47 жүргүнчүнүн жарандыгы тактала электиги айтылууда.
Орусия тараптан айрым булактар "Украина куралдуу күчтөрү президент Владимир Путиндин учагын атууну пландап, бирок адашуудан малайзиялык учак кырсыктады" деген версияны да айтышууда. Булак буларды билдирет: "Президенттик борт жана жүргүнчү ташуучу учак бир эшелондо, бир чекитти кесип өтүшкөн. Бул Варшавага жакын аймакта, 330-эшелондо жана жерден 10 100 метр бийиктикте болду. №1-борт ал жерде Москва убактысы боюнча саат 16:21де, малайзиялык учак 15:44тө болгон".
Боинг 777 Бишкек убактысы боюнча саат 21:00 чамасында Украина күчтөрү менен Донбасс элдик кошууну кагылышып жаткан аймакка, Грабово айылына кулаган. Маалыматтарга таянсак, учак асманда жарылып, калдыктары 4 чакырым аралыкка чейин чачыраган.