“Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын тонолгонуна кыргызстандык жаран шектелүүдө

Орусиянын борбору Москва шаарында “Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын бөлүмүнүн тонолгонуна кыргызстандык жаран шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда милицияга шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, ал компаниянын бөлүмүнө кирип, тапанча менен күзөтчү тарапка ок чыгарган. Андан соң компаниянын кызматкерин коркутуп, болжол менен 200 миң рубль уурдаган. Окуядан улам көкүрөк клеткасынан жаракат алган 22 жаштагы күзөтчү ооруканага жаткырылган.

Учурда кылмышка шектүү изделүүдө. Ал Кыргызстандын жараны экени айтылууда. Компаниянын кызматкерлеринин билдиришинче, акыркы апталарда аны бөлүмдүн жанында бир топ жолу байкашкан.

Эскерте кетсек, 16-июлда Москванын Коровий Вал көчөсүндөгү жер астындагы өтмөктө жайгашкан “Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын бөлүмү тонолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bossmos7
2014-07-18 10:46:47
Видео козомол болуш керек.Октябрьский метронун жанында! Кыргыз ушул ишке барса ??????????????
0
turgunbek
2014-07-18 13:50:54
Аны эми бир кудай билет бир ошо акча уурдаган каракчы билет билип билбей болжолдоп бир байкуш кыргыздын шорун кайнатып мойнуна уруп токмоктоп койуп койушпаса болду кудайым барыбызга ыйман ынсап берсин.
+1
Danel
2014-07-18 13:58:43
Айланайын тууган андан коро бир жерге ишке орношуп,пешене терин менен адал акча тапсан болмок, Кыргыздардын атын булгабай!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан