Кыргызстандыктар ноябрь айында жаратылыш газы үчүн мурдагыга салыштырмалуу кымбат төлөйт
Ноябрь айында кыргызстандык абоненттер жаратылыш газы үчүн метр кубуна
14 сом 69 тыйындан төлөй турганын “Кыргызгаз” ишканасы билдирди. Ишкананын
айтымында, газ үчүн болгон тарифтин баасы ай сайын доллардын курсуна карата
өзгөрүлүп турат. Ал эми өлкөнүн түндүк аймагындагы өндүрүш ишканалары көгүлтүр
отундун метр кубу үчүн 18 сом 94 тыйын, түштүктөгү өндүрүш ишканалары 18 сом 88 тыйындан төлөйт.
Октябрь айында бул көрсөткүч түндүктө 18 сом 93 тыйын, түштүктө 18 сом 87 тыйын болгон.