Москвадагы авиакомпания тонолгон учурда жаракат алган кыргызстандык күзөтчүнүн аты-жөнү аныкталды

Орусиянын борбору Москва шаарындагы кыргызстандык авиакомпаниянын тонолушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан улам жаракат алган компаниянын күзөтчүсү Элдияр Эргешов 1992-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулгандыгы аныкталды. Мындан тышкары анын эжеси Мырзайым жана тууганы Элиза Москва шаарында жашап жаткандыгы белгилүү болду.

“Авиакомпаниянын кассасын тоноо фактысы 16-июлда саат 19:30да Москванын Добрынинская метросунун жанында орун алган. Ал “КанатЭйр” авиакомпаниясына таандык экени айтылууда. Учурда орусиялык милиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат. Тоноого кыргызстандык жаран шектелүүдө,- деп жазды Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
mirbakg
2014-07-18 16:56:01
Москвада деле озубузду озубуз тономой !!!
+8
AIZAD
2014-07-18 17:38:27
mirbakg, ошону айтсаныз!!!
0
jan83
2014-07-18 19:18:38
кыргыздар озун озу тоноп, алдап жатышат.Документ жасап берем деп алдап кетип жатышат, туталбай жатам качып кетиптир,кармайын танытамго
+6
nargiz-94kg
2014-07-18 19:29:52
Кыргыздар бири бирибизди ушинтип , тоноп турсак качан онугот элек .

Кыргыздардын бир дагы биримдиги жок, бирин бири коро албай жатып олуп кнтишет го?
-2
smart_n79
2014-07-18 21:30:01
жалко Элдияр менин жердештерим кара кулжадан октябрдан болот
0
sterva
2014-07-18 22:31:17
smart_n79, мырзакеден болот дейт гоо тиги ойдодо
+2
Aikoo2014
2014-07-18 21:41:46
Уурдамай бир-бирин алдамай жула качмай уф биримдик жок болуп баратат.
+4
gulnaz21
2014-07-19 00:55:58
myrzakenin kandava degen aiylynan bolot.ertereek aiygyp ket
0
melashka
2014-07-19 09:54:13
мен ошол авиакомпаниядан дайыма билет алам Элиза дененди тааныйм жакшынакай эле кызго бала деле Кантип болсун тоба !
-3
tenteeeshka
2014-07-19 13:41:04
melashka, тушунбой калгансын го менимче,,соз жаракат алган бала жана анын бир тууган эжелери жонундо болду,кылмышкер жонундо жазылган эмес!!
+1
tenteeeshka
2014-07-19 13:43:38
Кыйынсынарбы тоногонго адам таппай жатсанар Москвадагы ХХХ ХХХ ХХХ бай болгурлар)))))))
+2
admin_portal
2014-07-21 10:08:28
tenteeeshka - 5 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
peri9696
2014-07-19 23:03:52
Элдияр Эргешов Мырза-Акеден эмес, Кара Кулжанын Октябрь айылынан болот. Элдияр менен айылдан болобуз. 18-июль куну операсия жасашып, бугун палатага которушту. Азыр акыбалы жакшы экен. Озуно келип, суйлоп калыптыр.
+1
miki98
2014-07-21 06:00:43
Башында эле айткамго Орустар мындайга барбайт деп.Ай Кыргызым Кыргызым.уят кылдынар бут олкого.
0
miki98
2014-07-21 06:08:04
жаракаты оор бекен.толугурак малымат берип койгулачы.не атыптырбы.суперчилер.
0
admin_portal
2014-07-21 10:17:11
miki98, Саламатсызбы!
Ал боюнча төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/75749/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан