Ысык-Көлдө зордукталып, өз шымына муунтулуп өлтүрүлгөн эки кылмышты бир адам жасагандыгы айтылууда. 16-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Челпек айылынын айланасындагы чычырканактын арасынан 32 жаштагы айымдын жерге көмүлгөн жансыз денеси табылган.
Облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Тюкебаев кылмыш иши тууралуу: “Адамдын сөөгү кылмышка шектүүнүн өзүнүн берген көрсөтмөсү боюнча табылды. 32 жаштагы Гүлбарчын 11-июлдан бери издөөдө болуп, табылбай келген. Шектүү катары Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылынын 22 жаштагы тургуну Адилет Кудайбергеновду кармадык. Ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, сөөк көмүлгөн жерди көрсөтүп берди. 5 күндүн ичинде дене бузулуп, курттап кеткен. Шектүүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду”,- деп билдирди.
Эске салсак, мындан бир жарым ай мурун, тактап айтканда, 7-июнда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы талаадан зордукталып, өзүнүн кийип жүргөн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы студент кыздын сөөгү табылган. Учурда бул кылмыш ишинин бети ачыла элек.
Өздүк маалымат булактарыбыздан жогорудагы 2 кылмыш ишинин мотивдери окшош болуп, 32 жаштагы Гүлбарчын аттуу айымды өлтүрүүгө шектелип жаткан Адилет Кудайбергенов 17 жаштагы студент кызды да өлтүрүүгө катыштыгы бар экендиги тууралуу көрсөтмө бергендигин билдиришти.
Ушул эки окуя тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин 25-июль күнү чыга турган 612-санынан окуй аласыздар.