Улуттук оппозициялык кыймыл “ата журтчу” Камчыбек Ташиевди кыймылдын мүчөлүгүнөн чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда аталган кыймылдын катчылыгы билдирди.
Маалым болгондой, УОКтун тең төрагасы Камчыбек Ташиев президент Алмазбек Атамбаевдин позициясын колдогону үчүн 23-июлда кыймылдан чыгарылганы айтылды. Кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков бул оппозициялык топтун чечими экенин айтууда. Бирок Ташиев азырынча бул боюнча өз пикирин билдире элек.
Айта кетсек, 9-июлда Камчыбек Ташиев НТС телеканалына берген маегинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин коррупция менен каршы күрөшүү позициясын колдоорун жана азыркы бийлик менен мамилесин жакшыртарын айткан. Ошондой эле 2012-жылдын 3-октябрындагы митингден кийинки аракеттери туура эмес болгонун моюнга алып, бийлик адамдарынан кечирим сураган. Камчыбек Ташиев: "Акыркы эки жыл ичинде жасаган туура эмес иштерим үчүн ар бир кыргызстандыктан жана бийликтеги адамдардан кечирим сурайм",- деген.