Мумбай шаарындагы дарыгерлер 17 жаштагы Ашик Гаваинин 232 тишин жулушту. Белгилүү болгондой, ал оозунда катуу ткань пайда боло турган тиштердин тубаса кемтиги менен ооруп келген. Баланын жаак сөөгүндөгү шишиктен улам ата-энеси ооруканага кайрылган. Операция 7 саатка созулуп, азыр бейтаптын 28 тиши калды. Бул тууралуу 24-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алгач операцияны жеңил болот деп ойлогон дарыгерлер бейтаптын оозундагы берметке окшош көптөгөн майда тиштерди көрүшкөн. Бир канча сааттан кийин чоң тиш жулунбай, аны майдалап жулууну чечишкен. Операцияны эки хирург эки жардамчылары менен жүргүзүшкөн. Натыйжада баланын жаак сөөгүнүн түзүлүшү бузулган жок.