Москва шаарында 24 жаштагы кыргыз жараны киши колдуу болуп каза тапты

19-январь күнү саат 21:00 чамасында Москва шаарынын Зеленодольский көчөсүндө жайгашкан №28-үйдүн жашоочусу, 24 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жарыялады. Белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалып, үйүнүн алдында жаткан мекендешибизди бир тууганы көрүп калып, тез жардам аркылуу ооруканага жеткирүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер келгиче эле катуу жабыр тарткан жаран көз жумганы белгилүү болду. Учурда бул иш боюнча Орусиянын ИИМнин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bopos
2013-01-21 12:23:56
кудай озу сактасын жамандыктан.
0
vidmag81
2013-01-21 12:42:00
эхх.. биртууганым жайын жаннаттан болсун..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан