Нарын. Шаар мэри милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Нарын шаарынын мэри милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык басма сөз кызматы билдирет. Мэр Б.Жээналиев Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктап, милиция кызматкерлеринин жумушунун оордугун баса белгилеп, эл кызматындагы адамдардын иштеринде көптөгөн ийгиликтердин жарала беришине тилектештигин айтты. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин алдынкыларына Ардак грамоталар жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын тапшырды.           
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан