Бишкекте уурулукка шектелип мурда соттолгон 3 эркек кармалды
3-ноябрь күнү 15:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы үйлөрдүн бирине терезесин талкалап кирип, 40 миң сом акча жана зер буюмдарын уурдап кеткен деген шек менен 3 эркек кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган шектүүлөрдүн мурда соттолгону маалым болду.