Кант шаарында кайын агасы келинин жана анын апасын бычактап салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-август күнү 56 жаштагы шаар тургуну 31 жаштагы келинин жана анын 54 жаштагы апасын бир канча жолу бычак менен сайган. Анын кесепетинен экөө тең каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, чырдын келип чыгышына үй-бүлөлүк маселелер себеп болгону айтылууда. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.