Мамлекеттик айыптоочулар Октябрь райондук сотунун И.Өмүркулов, А.Абдыкаров, М.Кадырмамбетов, М.Тезекбаев, Б.Дүйшөнбиевге карата чыгарылган актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан.
2014-жылы 1-августта Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышкан. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган.