Тажикстандын чек арачылары тарабынан бир кыргыз жараны атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Жерге-Тал аймагында тажик чек арачылары менен белгисиз 3 адамдын ортосунда атышуу болгон. Анда бир адам каза болуп, экөө кармалган. Алар аңчылык кылып жүрүшкөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары экендиги аныкталган.
Өлгөн адамдын сөөгү кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилди. Ал эми эки кыргыз жараны Тажикстанда убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда тажик чек арачылары менен кыргыз жарандарынын ортосунда болгон атышуу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Ошондой эле кармалган эки кыргыз жаранын алып келүү боюнча иштер башталды.