Тажикстандын чек арачылары тарабынан бир кыргыз жараны атылып өлтүрүлүп, эки жаран барымтага алынды. Бүгүн, 11-августта Ош ОИИБинин басма сөз кызматы барымтага алынгандардын жана каза болгон жарандын өздүгү такталганын билдирди.
Тажикстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл округуна караштуу Кара-Тейит айылынын тургуну, 46 жаштагы Аликин Кашеков, Кара-Мык айылынын тургундары, 30 жаштагы Давлатбай Гаимов жана 28 жаштагы Бекмырза Матирзаев Тажик Республикасынын чек арасына мыйзамсыз өтүшкөн.
Алар 9-август күнү саат 16:30 чамасында Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Ылай-Суу аймагында мергенчилик кылып жүрүшкөн жеринен чек ара кызматкерлери тарабынан алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей А.Кашеков ок атуучу куралы менен каршылык көрсөткөн жеринен атылып өлтүрүлгөн. Ал эми Б.Матирзаев жана Д.Гаимов кармалып, Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген.
Мындан сырткары А.Кашековдун денеси Тажикстанда соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп, 10-августта Чоң-Алай РИИБинин ыкчам тергөө тобуна тапшырылды.
Азыркы тапта маркумдун денеси райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жайгаштырылып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.