“№47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басарын бычак менен сайган деп айыпталып жаткан баламдын эч күнөөсү жок” дейт Мырзайым Токтобаева

2013-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында №47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Милан Шакиевди белгисиз 4 адам бычак менен сайып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары үстүбүздөгү жылдын башында Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеров кармалган эле.

SUPER.KG порталына айыпталуучулардын бири Нуркемел Искендеровдун апасы Мырзайым Токтобаева кайрылып, баласынын күнөөсү жок экенин, жасабаган кылмышты мойнуна алдыруу үчүн сабашканын айтып берди.

“2014-жылдын башында балам Нуркемел Искендеровду күч органдары эч себеби жок кармап кетишкен. Кийин аны №1-СИЗОдо “мойнуңа аласың” деп катуу сабашыптыр. Мага да 3 күн катары менен белгисиз адамдар келип, “балаңар өз күнөөсүн мойнуна алсын, болбосо СИЗОдон сөөгү чыгат” деп коркутуп кетишкен. Адилеттик издеп бир канча жерге кайрылдык. Бирок алардан натыйжалуу жооп болгон жок”,- дейт Мырзайым Токтобаева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadin1
2014-08-12 18:32:07
Эми бул ишти тергоо аныктайт ким куноолу,ким куноосуз экендигин.Тартиптуу болуп,туз жургон баланы кармабаса керек жондон жон эле.
-3
LISICHKA
2014-08-12 21:41:06
турмого бир туштунбуболду калдын балээге,кийин дале кармап куноо кылбасан да сабап мойнуна алдыртып коюшат.Исследовтельдерге отчет керек "баланча куноонун бети ачылды"деген,аларда бет дале жок.Алардын алы бечара адамдмрга жетет.Бул баланын апасынын акчасы жок да чыгарып ала турган.Кудайдан коркпогондор.
+1
ayakosya
2014-08-12 23:01:29
Домкрат же акчаныз болбосо чындык издеп чыркырап нерв коротпой эле коюнуз. Эгер сиз айтканга ишенсек ошолорду сиздей энелердин ак суту уруп кетсин
+2
ibro80
2014-08-12 23:26:35
ayakosya сага кошулам энелердин сутту уруп кетсин.
0
rk.kazaliev
2014-08-13 02:15:07
чындык издебей апа акча истенис анан чындык пайда болуп калат биздин чондор билбейт чындык эмне экенин
0
Alai.kyzy
2014-08-13 02:47:07
Мен бир милийса байкемден сураган болчум, неге милийсалар ишти тез жаап коюшат, неге кээде куноосу жок адамдын мойнуна куноону илип коюшат деп. Айтат, начальнигибиз иш созулуп кетсе "иштей албасанар ордунарды бошоткула " деп. Анан милийсалар иш кылып жаткан адам болуп, иштерди тез жаап коюшат деп. Баары эмес, бирок ушундай учурлар кездешет... Ошондуктан жогоруда LISICHKA айткандай бир жолу эле судимый болсон, же кочо баласы болуп тентек болсон милийсалардын козуно тушуп каласын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан