Каныбек Иманалиев: "Курманбек Бакиевге Беларусь президентинин сыйлык бериши кыргыз элин сыйлабагандык болуп саналат"

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев"Беларустун президенти Александр Лукашенконун Курманбек Бакиевди Элдердин достугу ордени менен сыйлашы эл аралык этикеттин алкагына гана эмес, жөнөкөй эле адамдык адеп-ахлактык ченемге да сыйбай турган жосун",- деп билдирди. 

Бүгүн, 12-августта таратылган билдирүүдө "Ушу тапта К.Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде өмүрү кыйылган көптөгөн кыргыз жарандарынын канына забын болуп, сот тарабынан өмүр бою камак жазасына өкүм кылынган кылмышкер. Ошондон улам ага сыйлык ыроолоо жосуну Кыргызстандын элин сыйлабагандык болуп саналат.

Анын бул орденге «мамлекеттер ортосундагы тынчтыкты, достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө, коомчулукту баш коштурууга жана элдердин биримдигин чыңдоого бараандуу салым кошкону үчүн» сыйланганы андан бетер таң каларлык иш. К.Бакиев жогоруда аталган жагдайларга кантип өбөлгө түзө алат? Ал Кыргызстандан качып баргандан тарта кыргыз-беларусь мамилелери кыйла солгундап кетти" деп айтылат.

Эске салсак, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиев чет өлкөгө чыгып кеткен. Быйыл Апрель окуясы боюнча сот чечим чыгарып, мурунку президент К.Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан