Бүгүн, 25-июлда
Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча Курманбек Бакиевди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.
Ал эми
Мамлекеттик Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратып, генералдык чинин алып салды.
Марат Бакиев 10 жылга кесилсе, мурдагы премьер-министр
Данияр Үсөновду үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.
Алар 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылышты. Судья Дамир Оңолбековдун айтымында, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Бакиевдердин күнөөсү толугу менен далилденди.
Эске салсак, мамлекеттик айыптоочулар К.Бакиевди, Ж.Бакиевди, Д.Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратууну суранып жатышкан эле.