Мындан бир ай мурда Ош шаарынын вице-мэри
Жапар Ормонов шаарда 17 мыйзамсыз курулуп жаткан объект бар экенин айткан болчу. Аларга карата берилген сууну, электр энергиясын токтотуп салуу буйругун бергендигин кошумчалаган эле. Ошол чектөөлөргө карабай бүгүнкү күндө мыйзамсыз курулуштар улантылып жатканын
SUPER.KG порталына вице-мэр өзү билдирди.
Анын айтымында, Масалиев менен Навои көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн электр линиясын кестирип коюшса, "Келечек" базары тараптан линия улап алган.
"Мыйзамсыз үйлөрдүн бийликте бирөө-жарымы бар деп айтуудан алысмын, бирок бизге (мэрияга) баш ийбей, курулушун улантып жатканы кейиштүү. Биз болгон аракетибизди көрдүк, эми бир гана сот чечет. Менин алган маалыматыма ылайык, ошол Масалиев менен Навои көчөсүндө курулуп жаткан үйдүн ээси менен бир жылдан бери сот иши уланып, бирок чечим чыкпай келет экен",- деди ал.