Турсунбай Бакир уулу: "Кара-Суудагы даараткана окуясы бизге эскертүү болуп жатат"

ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Ош шаарынын Кара-Суу базарындагы дааратканадагы окуя боюнча ӨКМны сынга алды. "Мен мурда атайын коомдук жайлардагы дааратканаларды оңдойлу, туристтик сезон келе жатат десем, көпчүлүк "эми дааратканалар эле калды эле" деп күлүшкөн. Кара-Суудагы окуя бизге эскертүү болуп жатат. Мындан да оор кырсыктар болуп кетиши мүмкүн. Кыргызстанда начар абалдагы коомдук дааратканалар толтура. Биз кыйроодон кийинки иштер менен алектенбей, кырсыктардын алдын алышыбыз керек",- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан