Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан бир адам каза тапты

Бүгүн, 19-августта Баткен облусунун Кадамжай районунун Орто-Ынтымак айылынын аймагындагы чек арада курал колдонулган окуя орун алды. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, чек арачылар Кыргызстандын аймагындагы чек арадан 250 метр алыс жерден 20-25 адамдан турган топту көрүшкөн. Алар Өзбекстан менен болгон чек арадан мыйзамсыз өтүп, кыргыз-өзбек чек арасынан жүктү аткезчилик менен өткөрүүгө аракет кылышканы белгилүү болгон. Чогулган топ чек арачылардын токтотуу талабына баш ийбей, таш ыргыта башташкан. 

Кыргыз чек арачылар бир нече жолу асманга атышканда, аткезчилер буга көңүл бурбай, аскерлер алар тарапка курал колдонууга аргасыз болушкан. Мындан улам бир адам октон жаракат алган. Ага Чек ара кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок ал ооруканага жеткирилип жатканда каза тапты. Ал эми калганы Өзбекстандын аймагына качып кетишкен.

Кармоо учурунда эки чек арачы жаракат алышты. Окуя тууралуу КРнын тиешелүү түзүмдөрү кабардар болуп, Чек ара кызматы окуя боюнча иликтөө амалдарын жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
adiletaltynbek
2014-08-19 09:57:45
азаматсыңар жоокерлер
+2
admin_portal
2014-08-19 10:21:28
kursantbek, shutUP - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-7
admin_portal
2014-08-19 10:28:18
Ibragim864, Ky6a, саламатсыздарбы!
Сунушуңарга рахмат!
Эгер дагы ушул сыяктуу сунуш, суроо же сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүздөр.
0
Ibragim864
2014-08-19 10:31:13
admin_portal, Рахмат
0
edu.kg
2014-08-19 10:31:48
Дагы башталдыбы аржакбертан кирип эрмектегендер... Тажиги калып эми озбеги ..
+2
Bexa9595
2014-08-19 11:02:05
аларда курал жок болсо (себеби таш ыргытты деп жазылып турат) неге биздин эки жоокер жаракат алат? же алар куралдуга куралсыз кол салган нинзалар бекен?
+4
Mirba-Nookat.83
2014-08-19 11:14:04
Окуя мындай болгон 19.08.2014 ж чек ара кезмети тарабынан тунку саат 3 тор чамасында болгон.Границада контрабанда жук откоруп жаткан болот Озбекстандын адамдары.Биздин чек арачылар мыйзамсыз биздин жерде жургонун коруп барганда алар таш ыргытып жукту ташып кирип кеткенге аракет кылган.Биздин чек арачылар эскертуу ок чыгарганына карабай таш ыргытканын токтоткон эмес чек арачыларда устав бар нападения болсо пограничный нарядка курал колдонууга укугу бар алар оз милдетин аткарды азаматтар алар ойло
+5
Mirba-Nookat.83
2014-08-19 11:21:22
Чек арачылар ата албайт деп ойлогонда эми коркуу сезим пайда болот азаматсынар оз милдетинерди так аткарып журо бергиле силер коргобосонор АША коруйт беле мамлекетти
+4
Bekzamann
2014-08-19 12:51:39
Чекарачыларыбыз азаматсынар!
+2
tynara1983
2014-08-19 14:30:03
Азаматсынар биздин чек ара кызматкерлери!!!
0
youngyoung
2014-08-19 14:37:55
ХХХ ХХХ керек эле, эгер законго туура келсе, кытай-кыргыз чек арасындагыдай кылып.
0
Tomas31107788
2014-08-19 14:46:52
Туптуура кылган азаматсынар кр чег-ара кызматкерлери!
0
admin_portal
2014-08-19 14:50:15
youngyoung - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
dosbol
2014-08-19 22:03:09
Мыйзамсыз басып отсо атып салышка уруксат барго эмне карап турат биздин жаранды атып салды го уйуно чейн кууп баарып минтип тайак жеп отурса бир куну атып да кетет куч органдары начар ото
0
ayakosya
2014-08-19 22:54:17
Кайран нерв!
+1
Manasemetei
2014-08-20 03:37:59
menda uktum kyrgyzstanga kirip ozbekterdin saldattary bironu atyp ketiptirdep.daiar turuw kk.soguw bawtalsa bizdin armianyn ku4u jetpeit.andyktan ar bir kyrgyz jigiti daiar turgula
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан