Чаткалда эки жигит унаасы менен 40 метр бийиктиктен дарыяга түшүп кетип, үч күндөн бери дайынсыз болууда

Чаткал районундагы Курулуш айылынын 23 жана 27 жаштагы эки тургуну унаасы менен Ак-Таш капчыгайындагы Чаткал дарыясына 40 метр бийиктиктен түшүп кетип, үч күндөн бери дайынсыз болууда. 

Бул тууралуу айыл тургундары бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына билдиришти. Айтымдарында, алар үч күн мурун Ак-Таш айылынан Курулуш айылына келе жатканда дарыяга түшүп кетишкен. 

Ал жерден жергиликтүүлөр машинанын номерин, алдынкы бамперин жана башка сыныктарын табышкан. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын кызматы кечээ, 18-августта издөө иштерин жүргүзүүнү баштаганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zara-919
2014-08-19 10:45:58
ииий, суунун астына чөгүп кетишкен го сыягы...
0
abdunur.kg
2014-08-19 10:54:05
Озбекстанга агып тушуп кетпесин тезирек карагыла,издегиле
-1
Nurgazy80
2014-08-19 23:19:08
Табылып калышса экен, азыр суу аз эле го, жайлары жаннатта болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан