Кадамжай районунда айдоочу бир тууган 4 жана 7 жаштагы кыздарды сүзүп, алар окуя болгон жерде каза табышкан. Айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен 25-августта кабарлашты. Маалыматтарга караганда, Хундай Портер унаасынын айдоочусу Кадамжайдагы Орозбеков айылынан 4 жана 7 жаштагы кыздарды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында эки кыз окуя болгон жерде каза таап, айдоочу из жашырып кеткен. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу изделип жатат.