Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кайрадан ок атышуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ок атышуу кечээ, 25-август күнү кечке жуук болгон. Анда Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес. Ошондой эле тажик чек арачылары биринчи ок чыгарышып, төрт жолу миномёт менен атышкан. Учурда ал жерде абал чыңалып турат.