25-август күнү Талас шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазада күйүүчү май ташуучу унаа жана автобус өрттөнүп, 6 адам денесинен 4-даражадагы күйүк алышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди. Маалыматка караганда, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар: Ж.Жээналалиев, күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу; Т.Эшалиев, автобустун айдоочусу. Өрт чыккан жердеги автобазанын жумушчулары: Алымбек уулу Мелисбек; Алмаз Жумабеков; Кошой Кенжеев; Алибек Чолпонкулов. |