"Экс-депутат Алтынбек Арзымбаевдин атылып өлтүрүлүшү Өмүрбек Текебаевге эскертүү" деп айтылууда

Бишкекте 26-август күнү Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Коомчулукка Жин деген каймана аты бар экени былтыр белгилүү болгон эле. Арзымбаевге 6 ок тийип, алган жаракатынан улам окуя болгон жерден жан берген.

Мындан 2 жыл мурун Алтынбек Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бир ай мурун "кылмыш чөйрөсүнө катыштыгы бар" деген сөздөрдөн улам мандатынан ажыратылган болчу. 

Кыргызстандагы 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин революциячыл "Ата Мекен" партиясынын бирден-бир урааны "кримчөйрө менен аёосуз күрөшүү" болгон. Партия лидери Өмүрбек Текебаев мындан ары өлкөдө "каралар дүйнөсү" бийликке олуттуу таасирин тийгизе албагыдай, коомчулукта өз үстөмдүгүн жүргүзө албагыдай шарт түзүү керектигин айтып чыккан. Парламенттик башкаруунун алгачкы жылдары Текебаевдин демилгеси колдоо таап, кримчөйрө менен күрөш катуу жүрүп, негизги башчылар чет өлкөлөргө качып, өлкөдө кримчөйрөнүн таасири азая түшкөн. Бакиевдик режимдин тушундагыдай буйрутма киши өлтүрүүлөр, ачыктан-ачык коркутуп-үркүтүүлөр чектелген. 

2012-жылдан тарта "каралар" чөйрөсүнө байланыштуу резонанс жараткан окуялар башталды. Айрым урунттууларын эске салсак: 2012-жылдын декабрында эл аралык издөөдө жүргөн "кримавторитет" Камчы Көлбаев Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстанга учуп келери менен аэропорттон кармалганКөлбаевдин өлкөгө келиши катардагы окуя эместиги, кримчөйрөдө бир катар олуттуу иштер күтүлөрү ошондо эле айтылган. 2013-жылдын 11-январында Ош шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди атып кетишти. Көп узабай, 18-январда Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" Урмат Садабаев (Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон) белгисиз бирөөлөрдүн огунан ажал тапты. Апрель айында Нарында түрмөдө отурган жеринен сот аркылуу бошонуп, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев өлкөдөн сыртка чыгып кетти. 2014-жылдын март айында белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасындагы жардыруудан көз жумду. Санаса бир топ. 

Кечээ жакында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда криминал өтө активдешип кеткенин айтып коңгуроо какты. Адегенде депутат Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганча Чолпон-Атадагы ат майдандан Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымын тез арада алып салуу демилгесин көтөрүп чыгып, сунушу ишке ашты. Текебаев муну мындай түшүндүрдү: 

"Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаев жакшы адам болгон, ага дооматыбыз жок. Бирок Көлбаев деген фамилияны укканда дароо “кримавторитетти” көңүлгө алышат. Ал жерде жакында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага чет өлкөдөн журналисттер, маанилүү коноктор келет. Журналисттер “Көлбаев атындагы ипподромдо өтүп жатат” деп жатса, Кыргызстан криминалдык идеологияны пропагандалап калабыз жана бул президенттин саясатына каршы келет”.

Текебаев Женго деген каймана атты алып жүргөн кримчөйрө өкүлү Кадырбек Досоновдун эркиндикте жүрүшүн сынга алган. Прокуратура өкүлү оор кылмышка шектелип кармалган Женгону соттор актап жибергенин айткандан кийин: "Сиздер судьяларга чара көрүшүңүздөр керек. ММКлар мактап, Манаска теңеп мактаган материалдар чыгып жатат. Алар менен байланышы болсо, гезит редакторун кошуп түрмөгө отургузушубуз керек. Ташиевди чыгарып жиберген сот кандай абалга туш болду эле? Үйүнө чейин кубалап барып, эмне кылды билбейм. Ташиевди актабайм, бирок Ташиев Женгодон коркунучтуубу? Андай кылмышкерлерди сыртта калтырбаш керек”,- деди Текебаев. Айтор, байма-бай ушундай олуттуу билдирүүлөрдү жасады. 

Айрым серепчилер Алтынбек Арзымбаевдин атылып өлтүрүлүшүн "кримчөйрөдөн Өмүрбек Текебаевге эскертүү болушу мүмкүн" деп жоромолдошууда. Кылмыштын "Ата Мекендин" лидеринин жогоркудай билдирүүлөрүнөн көп өтпөй болуп жатканы ушундай ойго жетелейт. Текебаев буга чейинки билдирүүлөрүндө Арзымбаевди мурдатан тааныбастыгын, кылмыштуу иштери билингенден кийин партиянын сунушу менен мандатынан ажыратылганын айткан.     

 

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан