Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери киши өлтүрүү боюнча айыпталууда

Милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук районунда болгон кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында болжол менен эртең мененки саат 8:00 чамасында Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы дүкөндө Ысык-Көл облусунда туулган Ш.к.А. аттуу 21 жаштагы айымдын денеси табылган. Анын мойнунда бычактан алган жарааттар бар болгон. Каза болгон адам дүкөндүн сатуучусу болуп чыгып, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмү, Чүй ОИИБинин жана Сокулук РИИБинин оперкызматкерлери биргеликте иш алып барып, бул кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Каза болгон кызды тирүү кезинде акыркы жолу көргөн жана кылмышка тийиштүү Москва районунун 22 жаштагы тургуну, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Ч.у.А. болуп чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмыш октябрдын 11инен 12сине караган түнү урушуудан улам келип чыккан. Кылмышка шектелген адам ал кыз менен мурдатан тааныш болгон жана ошол күнү да дүкөнгө келген. Кылмышка шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда иликтөө жүрүп жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан