Ысык-Ата районунун Туюк капчыгайындагы өрттү өчүрүү иштери 4 күндөн бери жүрүп жатат. Кечээ, 2-сентябрь күнү аны өчүрүү иштерине биз да күбө болуп кайттык. Өрт болуп жаткан жерге жетүү үчүн 7 чакырым аралыкты жөө басып өтүүгө туура келди. Барганыбызда тоо боорлорунда колуна күрөк, шапалак көтөрүп өрттү өчүрүп жаткан адамдарга жолуктук. Алар тарабынан тилсиз жоо көзөмөлгө алынганы менен, айрым жерлер жалындап күйүп жатты. Анын токтобой жатышына бир жагынан күндүн ысыктыгы жана шамал себеп болсо, экинчи жагынан тоо кыркаларына суу жеткирүү маселеси себеп болууда.
“Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Азырынча аныктала элек. Ал жакка малчылар менен мергенчилерден башка эч ким барбайт. Айрымдар бөтөлкөнүн сыныктары дагы өрттүн келип чыгышына себеп болушу мүмкүн дешүүдө. Учурда өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар, токой чарбасынын кызматкерлери, жергиликтүү эл, жалпысынан 150дөн ашык адам өрттү өчүрүү иштери менен алек болушууда. Кечкисин дагы 20-30дай бала ошол жакта түнөшөт. Өрттүн кесепетинен 1000 гектарга жакын жайыт күйүп кетти. Арасында 200 жылдан ашык жашаган карагай, арчалар да бар”,- деди Ысык-Ата районунун акими Бактыбек Кудайбергенов.