Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарындагы бала бакчанын имаратын чек арачылар ээлеп алган бойдон эмдигиче бошотуп бербей жатышат. Бул тууралуу депутат Анарбек Калматов бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Балдардан имарат талашкан уят экенин айткан депутат бул ишти өкмөт тез арада чечиши керектигин кошумчалады. Мектептердин курулушу боюнча буларды билдирди:
“Тиешелүү каражат толугу менен которулуп берилгенине карабастан, Аксы районундагы Кашка-Суу айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылынын башталышына карата бүтпөй калган. Каражат келбей калса бир жөн. Бул ишти тезинен иликтеп чыгып, мектеп курулушунун бүтпөй калганына катышы бар күнөөлүү кызмат адамдарына катуу чараларды көрүү керек”.