Жумгал районундагы Каныш капчыгайында куураган чөп жана бадалдар күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-сентябрь күнү саат 17:00дө аталган капчыгайда өрт чыккан. Анда Кабак, Көк-Ой жана Куйручук айыл аймактарынын жайыттарында куураган чөптөр жана бадалдар күйүп жаткандыгы белгилүү болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, болжол менен 300 гектарга жакын аянт өрттөнүп жатат. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.