Чаткалдагы “Фонта” алтын казуучу ишканасын тоногондордун бири кармалды

Чаткалдагы “Фонта” алтын казуучу ишканасын тоногондордун бири кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалган 1981-жылкы С.Абдыракманов мурда аталган ишканада иштеп кеткен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экинчисин кармоо иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрь күнү саат 01:40 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылында жайгашкан “Фонта” алтын казуучу ишканасына бет капчан эки жаран келип ок атуучу курал менен күзөтчүнү атып, 5 килограммдан ашык алтынды алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
anobis85
2014-09-11 09:31:59
о кокууй жаман иш албетте тоногонго жараша 5кг аз емес
0
baieltai
2014-09-11 13:25:19
бейкуноо адамдар кетпесе болгону!?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан