Жумгал районундагы өрттү өчүрүү учурунда бир өрт өчүрүүчү каза тапты

Жумгал районундагы өрттү өчүрүү учурунда бир өрт өчүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.

Буга чейин аталган райондогу Каныш капчыгайында куураган чөп жана бадалдар күйүп жатканы айтылган. Аны өчүрүүгө бүгүн эртең менен өрт өчүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар чыгып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 15:30 чамасында өрт болуп жаткан жерде 1985-жылы туулган Алтынбек Дүйшөналиевдин сөөгү табылган. Буга катар эле дагы бир жаран изделүүдө. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан