Бүгүн Ысык-Көлдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча кеңешинин 26-сессиясы башталат

Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 26-сессиясы башталат. Бул иш-чара 12-13-сентябрда өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү документтерге кол коюлат.

Аталган кеңеште КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, КРнын ӨКМнын башчысынын орун басары Давлетбек Алимбеков, Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун башкы катчысы Мишель Жарро жана Орусиянын президентинин климат маселелери боюнча кеңешчиси Александр Бедрицкийдин катышуусу пландалган.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук гирометеорологиялык кызматтарынын ишмердүүлүгү, 2011-2015-жылдарга кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын планы талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sagynby
2014-09-12 09:29:53
Админ мен супер форумдан дубаланган келин деген темасын таппай жатам жардам берип койунуздарчы алдын ала рахмат
0
admin_portal
2014-09-12 09:49:49
sagynby, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=77236&st=0&p=1623932&hl=+дубаланган +келин&fromsearch=1&#entry1623932
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан