Жумгал районундагы өрттү өчүрүү учурунда Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери, 1982-жылы туулган Абаскан Нуралиев каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан Анара Мамбеталиева билдирди.
Анын айтымында, өрттү өчүрүү учурунда Нуралиевди эч ким байкабай калып, ал күйүп жаткан өрттүн ичинде калып калган. Анын жансыз денеси саат 17:30дар чамасында табылган.
Учурда анын денеси өлүк сактоочу жайда. Түштөн кийин экспертизанын жыйынтыгынан соң жакындарына өткөрүлүп берилет.
Айта кетсек, 11-сентябрда да ушул эле жерден өрт өчүрүү кызматынын кызматкери, 1985-жылы туулган Алтынбек Дүйшөналиевдин сөөгү табылган.