Жумгалдагы өрт көзөмөлгө алынып, чек коюлду

Жумгалдагы өрт көзөмөлгө алынып, чек коюлду. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиктин директору Нуржан Осмоналиев бүгүн, 12-сентябрда билдирди.

“Учурда өрт өчүрүү иштери менен 80дей адам алектенип жатат. Эгер шамал болбосо, бүгүн толугу менен өчүрөбүз. Бул жакка унаа келе албагандыктан, суу жеткирүү кыйынга турууда. Балдар кол шаймандар менен өчүрүшүүдө. Өрт көзөмөлгө алынып, чек коюлду. Ал эми кызмат учурунда каза болгон эки жарандын үй-бүлөлөрүнө ар тараптан жардамдар берилет”,- деди Нуржан Осмоналиев.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Жумгал районунун Каныш капчыгайында өрт чыккан. 12-сентябрга алынган маалыматтарга караганда, тилсиз жоонун кесепетинен 600 гектарга жакын куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Ошондой эле 11-сентябрь күнү өрттү өчүрүү учурунда өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Абаскан Нуралиев каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан