Кайрадан жанданган Апрель соту чыр менен башталды

Кайрадан жанданган Апрель соту чыр менен башталды. 2014-жылдын 25-июлунда Аскер соту 2010-жылы 7-апрелде аянтта каза тапкан 77 адамдын өлүмү боюнча сот ишинде күнөөлүүлөрдү аныктап, чечимин чыгарган болчу. Ал чечим жабырлануучу тараптын айрымдарын канааттандырса, айрымдары нааразычылыктарын билдиришкен. 7-апрелде каза болгон жарандардын жакындары тарабынан түзүлгөн "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун өкүлү болгон Осунбек Жамансариев сот чечими негизинен канааттандырарлык экендигин билдирип, О.РебенокР.БайтоковС.Цигельников аттуу “Альфа” атайын кызматынын аскерлерине карата чыгарылган актоо өкүмүн гана кайра артка кайтарууну өтүнүшөрүн айткан.
Бүгүн, 15-сентябрда кайра жанданган Апрель сотунда жогоруда аттары аталган 3 “Альфа” атайын кызматтагы аскерлери эле эмес, дегеле аталган соттук процессте мурдатан айыпталуучу болуп келген бардык адамдардын үстүнөн апелляциялык арыз түшүп, сот иши толугу менен кайрадан жанданары белгилүү болду. Айыпталуучулардын, алардын жактоочуларынын жана жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнүн аттары окулуп, Осунбек Жамансариевдин да ысымы окулганда "Мекен шейиттери" уюмунун тең төрайымы болгон Айдабосунова Нурия айым: "Осунбек Жамансариевдин бул жерде жабырлануучу тараптын атынан отурганына түшүнбөй жатам, биз ага ишеним артпайбыз деп уюмдан чыгарып койгонбуз",- деди. Ал эми О.Жамансариев өз кезегинде: "Мен "Эл теги" коомдук уюмунун атынан катышып жатам. Биздин уюм 7-апрелде каза тапкандардын жакындары тарабынан түзүлдү, мурда "Мекен шейиттериндеги" 52 адам ушундай коом түзүп, мен ага төрага катары шайлангам. Мен ошолордун кызыкчылыгын коргоп жатам. Бул жерде коомчулуктун астында оюн көрсөтө берүүнүн кажети жок",- деген жообун айтты. Алардын кайым айтышуусунан кийин сот иши айыпталуучу тараптын айрым бир жактоочулары келбей калгандыгынан улам 22-сентябрга жылдырылды. 
Сот залынан чыккан соң, "Мекен шейиттери" жана "Эл теги" аталган коомдук уюмдарынын төрагаларына кайрылып, алардын ойлорун уктук.
Айдабосунова Нурия, "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун тең төрайымы : "Соттук иш кайрадан башталышы керек. Ошондуктан биз айыпталып жаткандарга тиешелүү акыйкат чечим чыгыш үчүн кайрадан апелляциялык арыз жазганбыз. Мен "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун тең төрайымы боломун. Ал эми Осунбек Жамансариевди уюмдун мүчөлөрү ишеним көргөзбөй катарыбыздан чыгарган. Себеби ал жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргобой келген. Тескерисинче, "Альфа" атайын кызматтагы аскерлерин күнөөсүз деп жатат",- деген оюн айтты.
Ал эми О.Жамансариев: "Биз эч кандай чыр кылгыбыз келген жок. "Мекен шейиттери" коомдук уюмунда буга чейин болуп келген адамдардын арасынан 52си мени төрага кылышып, "Эл теги" коомдук уюмун түзгөнбүз. Мен ошол уюмдун кызыкчылыгы үчүн катышып жатам. "Мекен шейиттери" ар кандай сын айтып жатышат. Мен ушунча жылдан бери бир да сот отурумунан калбай катышып келе жатам. Мыйзамды сыйлашыбыз керек, мыйзамдын алкагында иш алып барылып жатса эле жөн эле айгай сала бергеним болбойт да",- деп билдирди.
Аталган соттук иш боюнча 2010-жылдын 17-ноябрында биринчи соттук отурум башталган. Ошондон тарта Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Кыргызстандын тарыхындагы эң узакка созулган жана чуулгандуу материалдардын жалпы көлөмү 64 томду түздү. Анда 306 адам жабырлануучу катары өттү. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашып, мамлекеттик айыптоо тарабынан ишке 7 мамлекеттик айыптоочу тартылган. Ушул жылдын 25-июлунда аталган соттук иш боюнча чечимдер угузулуп, бирок апелляциялык арыздын негизинде сот иши кайра жанданды. Бирок бул жолу жабырлануучу тараптын экиге бөлүнүп кеткени сот отурумдарынын создуктурулушуна себеп болору айтпаса да белгилүү.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
uylaak
2014-09-15 15:05:04
Бизди бут коншуларга шерменде кылып бутуштуго бул бийлик . Шерменде эле 7- апрельге куноолулор ак уйдо олтурушат чалкалааап.Президентибиз ХХХ ХХХ ХХХ... 3,5 жылдан бери буларды судуролтпой тарс тарс чечип нары же бери кылбайбы!? ушундайда сот болчу беле деп кошуналар оозу менен эмес башка жагы менен кулуп ататго .Ак уйдогулор уяттан кийин туулган арам курсактар .120 отурасын чалкалап ачык созду айталбай, чындыкты суйлоп койсом мандатымы алып коет деп.Бетинер бет эмес эле ... экен!
0
admin_portal
2014-09-15 15:19:11
uylaak - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
-1
Nur45
2014-09-15 16:35:39
Бакиевтин уйун тоногондор азыр бийлик башкарып чогу журот... Канчалаган алтындар Черкешовичтин колунда турат. Бул нерсени бир эле мен эмес баардык эл билет.. коробуз дагы канча базарынар оторун. Буга далил Юсупов.
+2
myrza80
2014-09-15 17:35:50
Ээ кыргыз элим кыйын болду го кыйын,чет элде журуп кыргызстандагы окуяларды коруп ыйлагын келет.
0
Ganibal87
2014-09-15 17:53:52
Жаны бийлик 80-90процент катыштуулугу бар революции да адамдар олуп атканда кебир азыр бийликте олтурган атка минеерлер кантип бакиевтин уйун тоношту канча документерди байлуу буйумдарын кайака кантип бектишти пландаштырган. Максим галустугун таанып ким кийип жургонун билдирбедиби еле ел озунор баамдап алгыла кийинки шайдоодо адашпайтурган болуп
-1
kyrgyz.93
2014-09-15 22:51:30
Куносуз бироону кунолойт да эми
0
chomly88
2014-09-16 05:39:00
Апрель окуясына куноолулор чын эле такта олтурушат,анан ошолор менен тили бир соттор чондорду айыптуу деп тапмак беле,конечно сотту созуп журо беришет да карапайым эл чарчагыча же дагы бир бейкуноо байкушту тыгып коет все иш бутту,анан паланча кылмыштын бетин ачты деп сыйлыктарга ээ болуп отура беришет чадап.
0
chomly88
2014-09-16 05:41:03
Чардап
0
bakaika
2014-09-16 07:26:49
булар эмне уктап жатып эстерине тушуп кеттиби революция куну, Ош окуясын деле уктаганча карап койсонор болмок , кар жаады из басты кылбай аны.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан