Апрель окуясы боюнча айыпталгандарга сот өкүм чыгарып, жабырлануучу тарап апелляциялык арыз жазарын айтты

Бүгүн, 25-июлда Бишкек гарнизондук сотунда Апрель окуялары боюнча соттук отурум аягына чыкты. Бул соттук отурумдар башынан аягына чейин Дамир Оңолбековдун төрагалыгы астында өтүп, сот өкүм чыгарды.

Бирок айыпталуучулардын адвокаттары сот өкүмүнө каршы экендиктерин жана жогорку баскычтарга апелляциялык арыз менен кайрыла тургандыгын билдиришти.

Жабырлануучу тараптын өкүлү Осунбек Жамансариев: “Сот берилген материалдардын негизинде чечимин чыгарды. Өз кезегибизде биз жабырлануучулар менен кеңешип, “Альфа” атайын кызматтагы бөлүмүнүн аскерлери Расул Байтоков жана Олег Ребенконун үстүнөн кайрадан апелляциялык арыз жазууну туура көрдүк. Себеби алар да Мамлекеттик коргоо кызматынын орун басарлары Дунганов, Тимирбаевдер буйрук берген сыяктуу аскерлерге буйрук берип турушкан”,- деп билдирди.

Үч жарым жылдан ашуун убакытта уланып келе жаткан сот отурумунун соңунда мурдагы президент Курманбек Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою эркинен ажыратылышты. Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиев "кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен" деп табылып, 10 жылга кесилди.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, президенттин кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиев, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная 10 жылга эркинен ажыратылышты. Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге карата кылмыш иши кыскартылды. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басарлары Нурлан Тимирбаев менен Данияр Дунгановдор 25 жылга эркинен ажыратылышты.

Атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылса, "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын айыпталып жаткан аскерлери акталышты.

Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийликке каршы төңкөрүш уюштурулуп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баш болгон бийлик төбөлдөрү өз кызматтарын таштап качууга аргасыз болушкан.

Төңкөрүш учурунда карапайым калк борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына чыгып, нааразычылыгын билдирип, күч органдары менен кагылышууга барган эле. Жыйынтыгында ошол күнү аянтта 77 адам набыт болгон.

77 адам набыт болгон бул окуяларда элге карата ок аткан, митингге чыккандарды массалык түрдө ок атуучу куралдар менен атууга буйрук берген деген шек менен мурунку бийликтин бир катар өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, иликтөөлөрдөн соң, 2010-жылдын 17-ноябрында биринчи соттук отурум башталган. Ошондон тарта Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Кыргызстандын тарыхындагы эң узакка созулган жана чуулгандуу материалдардын жалпы көлөмү 64 томду түздү. Анда 306 адам жабырлануучу катары өттү. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашып, мамлекеттик айыптоо тарабынан ишке 7 мамлекеттик айыптоочу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан