Кыргызстанда 2014-жылдын 1-октябрынан баштап жаратылыш газынын метр кубу болжол менен 12 сом 95 тыйындан болот. Муну бүгүн, 17-сентябрда "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, "Газпром" ААКсынын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллердин Кыргызстандагы иш сапарынын аягында Кыргызстанга жеткирилген газдын 1000 метр кубунун баасын 224 доллардан 165 долларга чейин түшүрүү чечими кабыл алынган.
Муну менен газдын баасы 1000 метр кубу үчүн 59 долларга арзандаган. "Газпром Кыргызстан" ишканасынын эсептөөсү боюнча, 1-октябрдан тарта газдын метр кубунун баасы калк үчүн 12 сом 95 тыйындан айланат. Бул азыркыга салыштырмалуу 21 пайызга же метр кубу үчүн 3,4 сомго арзан экени айтылды.
Эскерте кетсек, буга чейин газдын метр кубуна кыргызстандыктар 16 сом 35 тыйындан төлөп келишкен.