Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, Жунусовдун аталган кызматка талапкерлигин өткөн аптада парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети жактырган эле. 
Ибрагим Жунусов:
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.
Билими жогорку. 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган. 
1986-жылдан 2002-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доцент болгон. Ал эми 2002-2005-жылдары искусство факультетинин деканы, 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик уинверситетинин биринчи проректору болгон.
2007-жылы “Ак жол” партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 
Ал эми 2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. 
2010-жылы болсо “Ата Журт” идеологиялык демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча Вице-премьер-министри болуп эмгектенген.
Ал эми 2011-жылдын 24-декабрынан тартып КРнын Маданият жана туризм министри болуп дайындалып, 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан