Кубат Оторбаев маданият министрлигине талапкер болуудан баш тартты

Бүгүн, 19-сентябрда "Ар-намыс" фракциясы маданият, маалымат жана туризм министрлигине болгон талапкерлер менен таанышууда. Айта кетсек, фракцияга бул кызматка 11 талапкер арыз берип, алардын үчөөсү өз талапкерликтерин артка алышты.

Талапкерлердин тизмеси: 

Алтынбек Максүтов, режиссёр

Жылдыз Бакашова, Улуттук китепкананын башчысы 

Роза Аманова, ырчы

Максат Чакиев, Туризм департаментинин директору  

Гүлмира Жумагулова, Эсептөө палатасынын инспектору

Айнагүл Чылабаева, ЖКнын депутаты Мамытбай Салымбековдун жардамчысы

Эркинбек Каимов "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик мекемесинин басма сөз катчысы

Урмат Усенов, эстрада ырчысы

Өз талапкерлигин алгандар:

Кубат Оторбаев, КТРКнын мурунку жетекчиси

Кайрат Иманалиев, КТРКнын башкы директорунун орун басары 

Мукталы Бектеналиев, Кинематография департаментинин директору

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан