Москвада кыргыз мигранттары жашаган батирден өрт чыгып, 4 адам каза тапты

Москвада көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан чыккан өрттөн кыргызстандык 4 адам каза таап, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу 19-сентябрда Москва шаарындагы ӨКМга шилтеме берүү менен КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаракат алгандардын төртөө жаш балдар, алар ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандардын тизмеси: 

1. Кумбеков Б., 2001-жылы туулган. №9-балдар ооруканасына жаткырылды.

2. Кужиназар кызы Ильнура, 2009-жылы туулган. №9-балдар ооруканасына жаткырылды.

3. Кужиназар уулу Улар, 2012-жылы туулган. №9-балдар ооруканасына жаткырылды.

4. Арзыматова Акмаанай Кожоназаровна. №9-балдар ооруканасына жаткырылды.

5. Арзыматов Кожоназар Күнбекович, №36-ооруканасына жаткырылды.

6. Окумалиева Гүлназ Кумалиевна, №36-ооруканасына жаткырылды 

Каза болгондор 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган Токтосунов Урмат жана аялы Жаркынай (фамилиясы такталууда).

Калган каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат. Өрт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
lun
2014-09-20 11:48:25
nurseyit азырынча так маалымат бере албайм кайнагам жа аялы оор акыбалда.Балдары дагы больницада.
0
temirov76
2014-09-20 11:55:19
Каза болгондорго аллах акыреттен берсин,больницадагылардын батыраак айыгып чыгышын тилейм.
+1
PRIZRAK-KG
2014-09-20 12:01:05
Жаткан жерин жайлуу болсун!!!оооо АЛЛАХЫМ жараткан пендене ыйман бер ынсап бер асмандан жерден болгон кырсыктан озун сакта тозогунду арам кылып бейишинди насип эт,,,, оомин аллаху акбар
+2
sagynby
2014-09-20 12:38:00
Кудайым шыпаа берип аман есен сакайып кетишсин балдарынын пешенесине каза болгондордун жакындарына сабыр тилейм
0
MARGO55
2014-09-20 12:44:24
Кудайым ааай кереметинди аябай тезираак айыгуусуна жардам Бер,балдарынын Бир туугандарына сак саламатта болушсун
0
Arstan
2014-09-20 14:40:36
Кудай сактасың! Этият болгулачы.Жаткан жери жайлуу болсун. [moderated]дан көрүп жаман болдум.
0
dinara7684
2014-09-20 17:04:39
алкымдарын ачып болушунча адам алышат яхтовый кроваттарды коюшуп 2 адамдык местага 4 адам алышат.Биздин хозяйка 3 катар кыла баштады жакында кетебиз буюрса.
0
mari20
2014-09-20 18:54:01
Журок ооруйт уксан эле.Урмат сени жамандыкка кыйбай турат туугандарын.Эсибизде ак конул, жаркыраган боюнча кала бересин.Сен жашабай кеткен жашты Жаратканым уулуна берсин.
0
demo009
2014-09-20 23:42:25
Кудай сактай көр ээй,снимать эткен адам жизнь,жооп бербейт эми,ал квртирасын ойлоп жүрсө керек.
0
Barika
2014-09-21 00:52:53
Жаратканым баарына тынчтык бере көр!
0
samat0094
2014-09-21 04:44:57
Мына караныздар кече бар бугун жок Ажал ушу екенда, эмне кылабыз бизда эртеби кечпи- барабыз.. бул дуйнодо баары калат екен байлык,тапкан ташыганын. машинан уйун бул Урмат Токтосунов менин акемин досу болот еле жакшы эчкимге жамандыгы жок аке болчу. эмне кылабыз кала беребиз сыздап сыздап .. жаткан жериниз жайлуу болсун аке и жене.
0
jazy
2014-09-21 12:15:36
Аябай окунучтуу жаман иш болуптур жаткан жери жайлуу болсун Аллахым жарат алгандарга шыпасын берсин туугандарын сабыр тилейбиз арты кайрлуу болсун ортко чейин эле чыр болду деп атышат ортко чейин деле олгон деген кептер айтылып атат кайсынысы чын болду экен кудайым озу сактасын
0
jazy
2014-09-21 12:24:16
биз жашаган квартирабызда жаныбызда бир орус аял жашайт псих экен эшикти жини келгенде теебет жанын чыгып калсан тееп уурган экен квартирантарды биз кочуп келгенге чейин эшигин да ортоп салган экен хозайка учасковыйга айтса этият болгула учетто турат деген экен кантсе да эттият болгула ар кыл адам бар озунорго сак жургуло Аман эсен оз мекенибизге кетели
+1
AiNuR_777
2014-09-21 13:56:33
Иий жаман болуптурго. Кээде ушундай окуяларды укканда москвада жургонумо коркуп кетем. баарыбыз тен жыргаганыбыздан жургон жокбузда, кырсык экен кайда болсок аман бололу элим.
+2
Manasemetei
2014-09-22 03:10:42
negedir kyrgyzym kundon kungo azaiyp ele baratkandai sezilet.aman ele bololu4u.yntymak ta
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан