Айрым укук коргоочулар Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушевди “Таблиг жамаат” уюмунун мүчөсү” дешүүдө. Алар бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти.
Маалымат жыйында Шерик Молдобеков, Давлет Мейманкулов, Келдибек Аскаралиевдер айрым депутаттар “Таблиг жамаат” уюмуна жардам берип, уюмдун ишинин жайылышына шарт түзүп берип жатканын айтышты. “Муфтияттын 70 пайызы, муфтий Максат ажы Токтомушев бул уюмга мүчө. Ал муфтийликке парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун жардамы менен келип отурган”,- дейт Келдибек Аскаралиев.
Андан сырткары бул уюмга мүчө эместер муфтияттан чыгарылып калып жатканын белгилешти. Жыйынга катышкандар бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев жана укук коргоо органдарынан чара көрүүнү талап кылышат.